Азамат Темиркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды

Чүй өрөөнү

Азамат Темиркулов Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды

Темиркулов Азамат Азатбекович Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Министрдин орун басарын Жаратылыш ресурстары министрлигинин жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы Аликеев Суйунтбек Сакыевич тааныштырды.
Белгилей кетсек, Азамат Темиркулов буга чейин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Климаттык каржылоо борборунун башчысы болуп эмгектенип келген.