Барскоон суусунун нугун мыйзамсыз өзгөрткөн факты аныкталды, мамлекетке 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилди
20-август 2025, 13:37
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын тургуну Т.К.Ш. тарабынан берилген арыздын негизинде Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан “Барскоон айыл аймагынын айыл өкмөтүнө” пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө Барскоон айыл аймагынын №15 контурунда Барскоон суусунун Ысык-Көлгө кошулган куймасынын нугун мыйзамсыз жасалма өзгөрткөн учур катталды.
Бул аймак суу коргоочу зонага кирет жана аянты 1600 м²ди түзөт.
Аныкталган мыйзам бузуунун негизинде мамлекетке төмөнкүдөй зыян келтирилген:
• жер кыртышына келтирилген зыян – 1 568 980 сом;
• өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыян (чычырканак токоюн жок кылуу) – 941 103,36 сом.
Жалпы зыяндын көлөмү 2 510 083,36 сомду түздү.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын 2004-жылдын 13-августундагы №115 “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына ылайык, чычырканак бадалдары жана башка өсүмдүктөр корголуучу объекттер болуп саналат жана аларды кыюуга, түбү менен казып алууга тыюу салынат.
Аталган мыйзам бузуу фактысы боюнча чогултулган иш-кагаздар укук коргоо органдарына мындан аркы тергөө иштерин жүргүзүү үчүн жөнөтүлдү.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы жарандарды айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоого чакырат. Табиятка келтирилген ар бир зыян мыйзам чегинде жоопкерчиликке алып келет.