БАТКЕН: КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТАБЫЗ

Баткен өрөөнү
БАТКЕН: КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛДИГИН АЗАЙТАБЫЗ

Бүгүн, 2-октябрь  күнү Баткен шаарынын борбордук кичи аянтында жөө жүрүш жана практикалык машыгуу көргөзмөсү өттү.

Иш-чара “5-октябрь – Кыргыз Республикасында кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата жарыяланган бир айлыктын алкагында КР ӨКМдин Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулду. Облус башчысынын орун басары Т.Мадяров жана облустук Жарандык коргонуу кызматтары, Кызыл Ай коомунун облустук филиалынын кызматкерлери,жана Баткен регтоналдык башкармалыктын эмгек жамааты жогорку, орто окуу жайларынын студенттери, окуучулар катышты

Ал эми жөө жүрүшкө облустук Жарандык коргонуу кызматтары жана өздүк курам катышып, өрт өчүрүү, куткаруу жумуштары Баткен шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү, Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынын өздүк курамы тарабынан көрсөтүлдү.

Эске салсак, өлкө аймагында жарыяланган бир айлыктын алкагында башкармалыктын түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан жаш куткаруучулар мелдеши уюштурулуп, облустук турда Баткен шаарынан "Бүркүт" командасы республикалык мелдешке жолдомо алган. Ал эми атайын мерчемдин негизинде өрт тактикалык машыгуулар жана иш-чаралар уюштурулууда.