“Бембиге” операция жасалып, бутун кесишти
26-ноябрь 2026, 11:12
Мындан 3 күн мурун Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылынын жогору жагында шыйрагы сынган “Бемби” аттуу эликтин чаарчыгына операция жасалды. Адистердин айтымында операция ийгиликтүү өткөн.
Окуя каталган замат Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери тарабынан жаныбарга зарыл болгон ыкчам жардам көрсөтүлүп, аны дарылоо иштерин жүргүзүү максатында ал жапайы жаныбарлардын реабилитациялык борборуна жеткирилип, ветеринардык дарыгерлердин кароосуна өткөрүлүп берилген болчу.
Министрлик жарандарды жапайы жаныбарларга аяр мамиле жасоого, аларды коргоого жана жарадар же жардамга муктаж жаныбарларга туш болгон учурда бул тууралуу тиешелүү органдарга өз убагында кабарлоого чакырат.