Табиятты сактоо - келечекти сактоо!
03-октябрь 2025, 13:55
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Президент Садыр Жапаровдун жарандарга кайрылуусунан кийин түшүндүрүү иштерин күчөттү. Анда ал жаратылышка жана жайыттарга аяр мамиле жасоого чакырган.
Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун аймактык башкармалыгынын Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте тоолуу аймакка квадроцикл менен бара жаткан жарандарды токтотушкан. Алар менен экологиялык коопсуздук эрежелери, жаратылышты сактоо жана мыйзамдарды сактоо зарылчылыгы жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Материалдар жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматына чара көрүү үчүн берилди. Системалуу мамиле жасоо максатында министрлик тарабынан КР Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында квадроциклдерди пайдаланууга чектөө киргизүү жөнүндө» токтом долбоору иштелип чыкты, ал кайра иштеп чыккандан кийин коомдук талкууга чыгарылат жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтүлөт. Министрлик бардык жарандарды жаратылышты коргоого жана белгиленген эрежелерди сактоого чакырат.