Тору-Айгыр айылынын көл жээги синтетикалык торлордон тазаланды
20-октябрь 2025, 16:52
Чүй өрөөнү
Тору-Айгыр айылынын көл жээги синтетикалык торлордон тазаланды
2025-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары , экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын (ЭТКК) Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын Тон жана Балыкчы шаардык инспекторлору тарабынан Тору-Айгыр айылынын аймагындагы көл жээгинде мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлорду тазалоо иш-чарасы жүргүзүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында болжол менен 300 метр эски жана экологияга зыяндуу тор алынды.
Бул аракеттер суунун биологиялык ресурстарын коргоо жана көл экосистемасын сактоо максатында жүргүзүлдү.
Мыйзамсыз орнотулган синтетикалык торлор — балыктардын көбөйүшүнө жана сууда жашаган башка организмдердин табигый чөйрөсүнө олуттуу зыян алып келүүчү фактор болуп эсептелет.
Бул өңдүү тазалоо иштерин жүргүзүү — Ысык-Көлдүн экологиялык туруктуулугун камсыз кылууда маанилүү кадам болуп саналат.
ЭТККнын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы мындай иш-чаралар мындан ары да үзгүлтүксүз негизде өткөрүлө турганын жана жарандарды мыйзамсыз балык уулоодон алыс болууга чакырарын маалымдайт.