Инспекторлордун коопсуздугу — башкы приоритет: Экотехкөзөмөлгө 50 даана атайын коргонуу каражаты тапшырылды
20-май 2026, 13:59
Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы уулуу калдыктар менен иш алып барган инспекторлордун коопсуздугун камсыздоо максатында 50 даана жеке коргонуу каражаттары (СИЗ) менен камсыздалды.
Аталган атайын каражаттар Озон борбору тарабынан берилди.
Бул коргонуу каражаттары пестициддер сакталган же көмүлгөн аймактарда текшерүү иштерин жүргүзгөн кызматкерлер үчүн арналган. Инспекторлор уулуу заттар жайгашкан аймактарга кирүүдө атайын коргонуу кийимдерин колдонушат. Бул алардын ден соолугун жана өмүр коопсуздугун сактоодо өзгөчө мааниге ээ.
Учурда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан жаңы пестицид көмүлгөн жерлерди аныктоо, каттоо жана көзөмөлдөө боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Ушул багыттагы иштерди натыйжалуу жүргүзүү үчүн инспекторлордун коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулуп жатат.
Мындан тышкары, 2026-жылы инспекторлор үчүн уулуу калдыктар жана пестициддер менен иштөө боюнча эки ирет атайын окутуу семинарлары уюштурулган. Семинарлар Бишкек жана Баткен шаарларында өтүп, анда кооптуу заттар менен иштөө эрежелери, өзгөчө кырдаалдардагы аракеттер жана коргонуу каражаттарын туура колдонуу боюнча практикалык сабактар өткөрүлгөн.
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы мындай иштер мындан ары дагы улантылып, уулуу калдыктардан келип чыгуучу экологиялык коркунучтарды азайтуу жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо негизги багыттардын бири болуп каларын белгилейт.