Түтүнгө каршы күрөш: Бишкекте инспекторлор авто машиналардын чыккан газдардагы зыяндуу заттардын көлөмүн текшерүүдө
20-ноябрь 2024, 14:25
Чүй өрөөнү

2024-жылдын 19-ноябрында Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаарынын жана Аламүдүн районунун аймактык башкармалыгынын инспекторлору жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен биргеликте кезектеги рейдди өткөрүштү.
Рейд Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын «Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана түтүн менен күрөшүү» буйругунун негизинде жүргүзүлдү.
Рейддин жүрүшүндө 12 жүк ташуучу унаа түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү аппарат менен текшерилди. Унаа текшерүүдө түтүнүнүн ченеминен ашкандыгына байланыштуу 2 эреже бузуу аныкталган.
Аталган фактылар боюнча 2 протокол түзүлүп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине ылайык, юридикалык жактарга 23 миң сом, жеке жактарга 7 миң 500 сом айып салынган.
Мындан сырткары айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.