Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү боюнча брифинг өттү

Чүй өрөөнү
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгү боюнча брифинг өттү

2025-жылдын 9-июлунда — Бүгүн «Спутник Кыргызстан» маалымат агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ишмердүүлүгүнө арналган брифинг болуп өттү.

Брифингге төмөнкү кызмат адамдары катышты:

•    Асель Мурадиловна Мамбеталиева – Кызматтын директорунун орун басары;

•    Доолотбек Ормонович Мундузбаев – Өндүрүштүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;

•    Гулмира Авазбековна Тургунбаева – Экологиялык көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кызматтын өкүлдөрү жүргүзүлүп жаткан иштер, жетишкен жыйынтыктар жана кызматкерлер туш болгон кыйынчылыктар тууралуу кеңири маалымат беришти.

2025-жылдын январынан июнь айына чейин Кызмат тарабынан жалпы 1629 текшерүү жүргүзүлдү, анын ичинде:

•    802 пландык текшерүү (бизнес субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары),

•    201 пландан тышкаркы текшерүү,

•    626 көзөмөл текшерүү.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча:

•    948 буйрук-көрсөтмө берилди;

•    2012 административдик протокол түзүлүп, 34,5 млн сом айып салынган, анын ичинен 20,8 млн сом өндүрүлгөн;

•    269 доо арыз берилип, жалпы 30,2 млн сом талап кылынып, 8,85 млн сом өндүрүлгөн.

Брифингде өзгөчө көңүл экологиялык коопсуздукка, браконьерчиликке каршы күрөшкө, мыйзамсыз ресурстарды казып алуу фактыларына жана Кыргыз Республикасынын Президентинин № 172 жана № 131 Указдарынын аткарылышына бурулду.

2025-жылдын алгачкы жарым жылдыгында:

•    Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү коргоо багытында 579 протокол түзүлүп, 3,2 млн сом айып салынды;

•    12 100 метр мыйзамсыз коюлган синтетикалык торлор алынып, жок кылынды;

•    193 доо арыз менен 8,3 млн сом талап кылынып, 2,4 млн сом өндүрүлдү.

Туризм сезонуна даярдык көрүү максатында, Ысык-Көл облусундагы рейддик иштер күчөтүлдү. Кызмат тарабынан 10 инспектордон турган мобилдик топ түзүлүп, укук коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик менен биргеликте күнүмдүк күзөт жүргүзүүдө.

Кызматтын өкүлдөрү өз сөздөрүндө белгилешти, мамлекеттик көзөмөл эл жана ишкерлер менен тыгыз кызматташтыкта гана натыйжалуу болоорун. Ошондой эле жарандардын активдүүлүгүнө жана кайрылуулар аркылуу көрсөтүлгөн жигердүү жарандык позициясына ыраазычылык билдиришти.

Асель Мамбеталиева өз сөзүндө баса белгиледи:

«Биздин негизги максатыбыз – мыйзамдарда каралган талаптарды сактоо аркылуу Кыргызстандын табигатын коргоп, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу. Биз ар бир жаран менен ачык диалогго даярбыз жана биргелешип экологиялык жоопкерчиликти калыптандырууга чакырабыз».

Январь–июнь айларынын аралыгында Кызмат тарабынан жалпысынан 1 629 текшерүү жүргүзүлгөн, анын ичинде:

•    802 пландык текшерүү (бизнес субъекттери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча);

•    201 пландан тышкаркы текшерүү;

•    626 көзөмөл текшерүүсү.

Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча:

•    948 буйрук-көрсөтмө мыйзам бузууларды жоюу боюнча берилген;

•    2 012 административдик протокол түзүлүп, жалпы 34 485 000 сом өлчөмүндө айып салынган, анын ичинен 20 887 000 сом өндүрүлгөн;

•    269 доо арыз берилген, алардын суммасы 30 196 000 сомду түзүп, 8 854 000 сом өндүрүлгөн.

Пландан тышкаркы текшерүүнү жүргүзүүнүн негиздери:

1.    Текшерүү субъектисинин өзүнүн ыйгарым укуктуу органга кайрылуусу;

2.    Жарандардан же юридикалык жактардан, же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринен мыйзам бузуулар тууралуу жазуу түрүндөгү негиздүү арыздардын түшүшү, коштоп келген тастыкталуучу документтер менен бирге.

Кызмат төмөнкү тармактарда мамлекеттик көзөмөлдү жана контролду жүзөгө ашырат:

•    экологиялык (анын ичинде химиялык, биологиялык, радиациялык жана өзөктүк) коопсуздук;

•    геологиялык иштерди жүргүзүү жана жер казынасын пайдалануу;

•    көмүр жана күйүүчү майдын сапатын камсыз кылуу жана коопсуздугу боюнча милдеттүү талаптарды сактоо.

Текшерүү объекттерине төмөнкүлөр кирет:

кен казуучу ишканалар, ЖЭБ, казандар, цемент жана кыш заводдору, СТО, автомойкалар, АЗС, калдыктарды кайра иштетүү жана утилдештирүү жайлары, соода борборлору, мамлекеттик мекемелер, жергиликтүү бийлик органдары ж.б.

Эгерде текшерүү учурунда мыйзам бузуулар аныкталса, 30 күндүн ичинде аларды жоюу тууралуу акт жана буйрук-көрсөтмө берилет. Мөөнөт бүткөндөн кийин көзөмөл текшерүү жүргүзүлөт. Эгерде бузуулар жоюлбаса, административдик протокол түзүлөт жана экологияга зыян келтирилген учурда доо арыз берилет.