Өлкө аймактарындагы мыйзамсыз таштанды жайларына карата көзөмөл күчөтүлөт
27-октябрь 2026, 11:11
Өлкөдө мыйзамсыз (стихиялуу) таштанды төгүүчү жайлардын санын кыскартуу жана «Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарында көзөмөлдү күчөтүү пландалууда.
Ушуга байланыштуу Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасынын өкүлүнүн, аталган облустардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин жана Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун өкүлдөрүнүн катышуусунда видеоконференция форматында жолугушуу өткөрүлдү.
Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын аймагында мурда жалпы 323 таштанды төгүүчү жай болгон. Административдик-аймактык реформалардын жүргүзүлүшүнүн, ошондой эле айрым таштанды төгүүчү жайлардын рекультивацияланышынын, калдыктардын көмүлүшүнүн жана чакан таштанды төгүүчү жайлардын борборлоштурулушунун натыйжасында алардын саны 230га чейин кыскарган. Анын ичинен 93 стихиялуу таштанды төгүүчү жай жоюлган, ал эми 160 таштанды төгүүчү жай ушул күнгө чейин уруксатсыз иштеп келет.
Жолугушуунун жүрүшүндө катуу тиричилик калдыктарынын стихиялуу түрдө төгүлүшү, алардын үзгүлтүксүз тутанышы жана түтөп күйүшү, медициналык калдыктардын тиричилик калдыктары менен аралаштырылышы, ошондой эле экологиялык коопсуздук жана санитардык-эпидемиологиялык ченемдердин одоно бузулушу сыяктуу маселелер талкууланды.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жер-жерлерде катуу тиричилик калдыктарын башкаруу боюнча иштердин жетиштүү деңгээлде координацияланбаганы, уюштурулбаганы жана көзөмөлдөнбөгөнү белгиленди. Ошондой эле саламаттык сактоо органдары тарабынан медициналык калдыктарды башкаруу жаатында көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы айтылды.
Өлкөдөгү стихиялуу таштанды төгүүчү жайларда калдыктардын өзүнөн-өзү тутанып, түтөп күйүшү таштанды газдарынын, атап айтканда, күйүүчү метандын топтолушуна байланыштуу. Метан эң кичинекей учкундан да оңой тутанышы мүмкүн. Метандын топтолушуна негизинен органикалык калдыктар: тамак-аш калдыктары, бутактар жана чөп себеп болот. Мындан тышкары, калдыктардын чирүү процессинде жылуулук бөлүнүп чыгат. Таштанды төгүүчү жайлардын терең катмарларында калдыктардын тыгыз жайгашуусу жылуулуктун сыртка тарашына тоскоолдук жаратып, температуранын 60–80 °Cге чейин көтөрүлүшүнө алып келиши мүмкүн. Курамында күйүүчү материалдар, анын ичинде кагаз, кургак чөп жана пластик болгон учурда өзүнөн-өзү тутануу процесси башталышы мүмкүн. Өрттүн очогу калдыктардын бир нече метр тереңдигине чейин жетип, метандын эсебинен күчөп, узак убакыт бою түтөп күйө берет. Мындай көрүнүштөр тиешелүү техникалык долбоорлоо талаптары сакталбаган стихиялуу таштанды төгүүчү жайларда орун алган.
Мындай көйгөйлөрдү жоюу максатында Министрлик тарабынан эл аралык талаптарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, ошондой эле мамлекеттик стандарттарды эске алуу менен катуу тиричилик калдыктары үчүн заманбап полигондорду курууну жөнгө салуучу техникалык ченемдер биринчи жолу иштелип чыгып, кабыл алынды.
Полигондорду курууда технологиялык регламенттин талаптарын так сактоо калдыктардын үзгүлтүксүз тутанып, түтөп күйүшүнө, уулуу газдардын жана курамында кооптуу диоксиндер менен оор металлдар бар ачуу түтүндүн бөлүнүп чыгышына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө мүмкүндүк берет.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаарынын Экологиялык прокуратурасы менен биргеликте ведомстволор аралык жумушчу комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алынды.Комиссиянын алкагында өлкөнүн Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарына жеринде чыгуу менен катуу тиричилик калдыктары төгүлүүчү жайлардын иш жүзүндөгү абалын текшерүү, талдоо жана баалоо пландаштырылууда.
Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө таштанды төгүүчү жайлардын абалы дрондордун жардамы менен катталып, айлана-чөйрөнүн булгануу деңгээлине инструменталдык өлчөөлөр жүргүзүлөт. Жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана өлчөөлөрдүн жыйынтыктары боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссиясынын корутундусунун негизинде тиешелүү чаралар көрүлөт.