Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдоого макулдашты

Чүй өрөөнү
Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти жана тоо экосистемаларын сактоо боюнча кызматташтыкты чыңдоого макулдашты
Самарканд шаарында өтүп жаткан Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) 8-Ассамблеясынын алкагында Борбор Азия өлкөлөрү ак илбирсти, башка жапайы жаныбарлардын түрлөрүн сактоо жана тоолуу ландшафттарды туруктуу башкаруу боюнча ГЭФ-9 программасынын алкагындагы биргелешкен аймактык демилгени өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.


Иш-чарага Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өкүлдөрү, ошондой эле Глобалдык экологиялык фонд, БУУнун Өнүктүрүү программасы (ПРООН), эл аралык уюмдар жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр катышып, ГЭФ-9 алкагындагы жаратылышты коргоого багытталган инвестициялардын багытын талкуулашты.


Иш-чарада Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Кыргызстан ак илбирсти жана анын тоолуу экосистемаларын сактоо боюнча эл аралык күн тартибин илгерилетүүдө лидерлик позициясын сактап келе жатканын белгиледи. Ал өлкө Ак илбирсти жана анын экосистемаларын сактоо боюнча глобалдык программанын демилгечилеринин жана активдүү катышуучуларынын бири экенин баса белгиледи.


Кыргызстан экологиялык коридорлорду өнүктүрүүгө, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүгө, жапайы жаратылышка мониторинг жүргүзүүнүн заманбап технологияларын киргизүүгө жана жергиликтүү жамааттарды аймактын уникалдуу жаратылыш мурасын сактоого тартууга берилгендигин дагы бир жолу ырастады.


Иш-чаранын маанилүү жыйынтыктарынын бири катары Борбор Азия өлкөлөрү биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана тоо экосистемаларынын туруктуулугун жогорулатуу боюнча ГЭФ-9 алкагында терең кызматташуу боюнча кызыкдар экендиктери боюнча билдирүүгө кол коюшту.