Тоо кен байлыктарын текшерүүчү борбордук лаборатория
26-ноябрь 2025, 17:18
КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу «Борбордук лаборатория» мамлекеттик ишканасы — Кыргызстандагы катуу пайдалуу кендерге геологиялык чалгындоо иштерин лабораториялык-аналитикалык коштоону камсыздаган Кыргызстандагы жалгыз мамлекеттик лаборатория. Лабораториянын тарыхы 1940-жылдан башталып, өлкөдөгү бардык негизги кендер боюнча аналитикалык изилдөөлөрдүн негизги көлөмүн жүргүзүп келет.
Борбордук лаборатория Кыргыз аккредитациялоо борбору тарабынан аккредитацияланган жана ISO/IEC 17025, ISO/IEC 17020 жана ISO/IEC 17043 эл аралык стандарттарына ылайык иш алып барат. Лабораториянын анализ жыйынтыктары ILAC эл аралык аккредитациялоо уюму тарабынан таанылган.
2025-жылдын март айында лаборатория өзүнүн техникалык базасын жаңылап, заманбап S6 JAGUAR толкун-дисперсиялык рентгенофлуоресценттик спектрометрин жана ELEMENTRAC CS-d анализаторун сатып алды. Бул жабдуулар анализ жүргүзүү ылдамдыгын жана тактыгын кыйла жогорулатууга мүмкүндүк берди. Бардык жабдуулар үзгүлтүксүз текшерүүдөн, калибрлөөдөн жана аттестациядан өтүп турат.
Лаборатория иштердин толук спектрин аткарат: пайдалуу кендердин буюмдук курамын изилдөө, рудаларга жана концентраттарга инспекциялык көзөмөл жүргүзүү, геологиялык чалгындоо иштеринин сапатына тышкы баа берүү, ошондой эле лабораториялар аралык салыштырма сыноолорду жүргүзүү. Ошондой эле өлкөнүн негизги кендери боюнча жаңы методикаларды иштеп чыгуу жана аттестациялоо жана стандарттык үлгүлөрдү түзүү иштери жүргүзүлүүдө.
Борбордук лаборатория квалификацияны текшерүү программаларынын провайдери болуп саналат жана компетенттүүлүк тууралуу № KG417/КЦА.КМСИ.П.0001 күбөлүккө ээ. Бул программаларга Кыргызстандын жана жакынкы чет мамлекеттердин профилдик лабораториялары катышат.
Лаборатория Заманбап талдоо ыкмаларын киргизүү жана изилдөөлөрдүн сапатын жогорулатуу менен геологиялык чалгындоону улуттук аналитикалык камсыздоо системасын бекемдөөнү улантууда.