Көчөт өстүрүү боюнча мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө төрт уюм гранттык каржылоого ээ болду

Чүй өрөөнү
Көчөт өстүрүү боюнча мамлекеттик питомниктерди өнүктүрүүгө төрт уюм гранттык каржылоого ээ болду

2025-жылдын 19-декабрында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде гранттык келишимдерге кол коюлду. Каржылоого ээ болгон уюмдардын катарында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркы да бар. Жалпы каржылоо 534 миң АКШ доллары түзөт. Конкурска 16 арыз келип түшкөн, катышуу үчүн кеминде 5 гектар жер тилкеси жана бизнес-план талап кылынган.

Бул демилге токой ресурстарын калыбына келтирүүгө, көчөттөрдүн сапатын жогорулатууга жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого багытталган.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Ж.   Керималиев өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Заманбап питомниктерди түзүү — бул токойлорубузду калыбына келтирүүгө жана жалпы келечекке жасалган инвестиция. Биз экосистемаларды калыбына келтирүүнүн жана айылдык жамааттарды климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруунун негизин бүгүнтөн тартып түптөп жатабыз» деди өз сөзүндө.