Тазалык – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз!
15-март 2025, 11:37
Чүй өрөөнү

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин борбордук аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында жана Улуу Жеңиштин 80 жылдыгынын урматына жарыяланган эки айлыктын алкагында Победа, Республиканская көчөлөрүн кесилишиндеги бакчаны жалбырактардан тазалашты.
Ишембилик министр М.Машиевдин, министрдин орун басары А.Раимкулованын жетекчилиги астында өткөрүлдү. Министрликтин башка түзүмдүк бөлүмдөрү жанындагы аймактарды жана иш бөлмөлөрүн тазалап жыйнашты.
Тазалык – жөрөлгө эмес, жашоо образы болушу керек!