Тазалык — баарыбыздын жоопкерчилигибиз: Жаратылыш ресурстары министрлиги жалпы республикалык ишембиликте
14-апрель 2026, 09:05
Чүй өрөөнү
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын демилгесинин алкагында жана жарыяланган көрктөндүрүү боюнча үч айлыктын негизинде, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери өлкө боюнча масштабдуу тазалоо иштерине чыгышты.
Борбордук аппараттан тарта эң алыскы аймактык башкармалыктарга чейин — экологиялык десант Кыргызстандын бардык аймактарын камтыды. Биз жаратылышка болгон камкордук ар бир адамдын жеке салымынан башталарын иш жүзүндө далилдөө үчүн расмий костюмдарды жумушчу формага алмаштырдык.
Бүгүнкү күндө экологиялык күн тартиби — мамлекеттик артыкчылыктуу багыт. Бирок шаарларыбыз менен айылдарыбыздын тазалыгы жарлыктарга гана эмес, биздин жалпы маданиятыбызга жана жоопкерчилигибизге да байланыштуу.
Министрлик өлкөнүн экологиясын жакшыртуу боюнча системалуу иштерин улантууда. Биз таза келечекти бирге курабыз!