Таза аба — ден соолуктун булагы: түшүндүрүү иштери жана рейддер уланууда

Чүй өрөөнү
Таза аба — ден соолуктун булагы: түшүндүрүү иштери жана рейддер уланууда
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгы ЖКККББ менен биргеликте Ысык-Ата районунда атмосфералык абаны коргоо боюнча рейд өткөрдү.


Иш-чаранын негизги максаты — абанын булганышынын алдын алуу жана айдоочуларга экологиялык ченемдерди сактоо зарылчылыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү болуп саналат. Абанын сапатын жакшыртууга багытталган мындай иш-чаралар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат.