2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр Акыл Токтобаевдин Жапон-Кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Шиндзи Тарутоко мырза жана аны коштоп жүргөн делегация, Жапониянын JOGMEC (Japan Organization for Metals and Energy Security) мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз-Жапон ишкерлер кеңеши менен жолугушуусу болуп өттү

Чүй өрөөнү

2026-жылдын 18-июнунда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинде министр Акыл Токтобаевдин Жапон-Кыргыз экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы Шиндзи Тарутоко мырза жана аны коштоп жүргөн делегация, Жапониянын JOGMEC (Japan Organization for Metals and Energy Security) мамлекеттик корпорациясынын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргыз-Жапон ишкерлер кеңеши менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Акыл Токтобаев Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьёлук ресурстарынын чоң потенциалын белгилеп, япон уюмдары жана компаниялары менен узак мөөнөттүү өнөктөштүктү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Өзгөчө көңүл JOGMEC менен геологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана жер казынасын экологиялык жактан жоопкерчиликтүү пайдалануу багытындагы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Япон тарап Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу тармагындагы келечектүү өнөктөш катары мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экенин билдирип, өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.