Климат деген эмне?

Чүй өрөөнү

Биз Кыргызстандын климаты жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшкө багытталган иш-чаралар тууралуу баяндап берүүчү постторду жарыялоону баштайбыз. Мында климат – бул узак убакыттар бою бир аймакка мүнөздүү болгон аба ырайынын шарттарынын жыйындысы экендигин түшүнүү маанилүү.

Климат Кыргызстанда кандай өсүмдүктөр жана жаныбарлар жашай аларын аныктайт, суунун жеткиликтүү болушуна таасирин тийгизет жана биздин мезгилдерибизди калыптандырат. Ал ошондой эле экологиялык системага, биоартүрдүүлүккө жана биздин жашоо шарттарыбызга дагы түздөн-түз таасирин тийгизет.

Бирок биз ар бирибиз кандай салым кошо алабыз? Биз силер менен ар бир жаран климатыбызды коргоого жана кырдаалдын начарлашына бөгөт коюуга кандайча катыша ала тургандыгы жөнүндө маалымат менен бөлүшүүнү чыдамсыздык менен күтүп жатабыз.