Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы тарабынан башкармалыктын жетекчилигинин, егерьлердин, Чүй облусунун мергенчилик коомдорунун аңчылык адистеринин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын өкүлүнүн катышуусу менен кызматтык жыйын өткөрүлдү.
03-февраль 2026, 09:58
Чүй өрөөнү

Жыйын жапайы жаныбарларды коргоо тармагында коррупцияга каршы аракеттенүү жана эпизоотиялык коопсуздукту камсыз кылуу маселелерине арналды.
Иш-чаранын жүрүшүндө мергенчилик тармагында мамлекеттик көзөмөлдү жүргүзүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошондой эле аныкталган бардык мыйзам бузууларды милдеттүү түрдө документтештирүү, ошондой эле басым көрсөтүү жана пара берүү аракеттери жөнүндө жетекчиликке токтоосуз билдирүү милдети белгиленди.
Мындан тышкары, жапайы жаныбарлар арасында жугуштуу жана мите оорулардын жайылышын алдын алуу чаралары каралды. Белгиленген тартипке ылайык, кекликтердин жана кыргоолдордун айрым особдорун санитардык (контролдук) атуу аркылуу лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү жана мындан аркы биотехникалык сунуштарды иштеп чыгуу пландалууда.
Мергенчилик коомдоруна биологиялык материалдарды тандоого көмөк көрсөтүү, биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүдө эпизоотияга каршы талаптарды эске алуу, ошондой эле Министрликтин тапшырмасына ылайык ветеринардык кызматтар менен тыгыз кызматташуу милдеттендирилди.