Чүй облусунун аймагында рейддик иш-чаралар өткөрүлүп, балык уулоо эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
06-октябрь 2026, 12:23
Чүй өрөөнү
Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен тыюу салынган синтетикалык балык уулоочу торлорду жана электр балык уулоочу жабдыктарды («электроудочка») колдонуу учурлары аныкталган.
Рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө төмөндөгү жабдыктар алынган:
* жалпы узундугу 500 метр болгон синтетикалык балык уулоочу торлор;
* электр балык уулоочу жабдык («электроудочка»).
Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 4 административдик протокол түзүлүп, мыйзам бузгандарга жалпы 36 000 сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Чүй облусунун аймагында балык уулоо жана аңчылык эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө боюнча рейддик иш-чаралар улантылууда.