Региондук башкармалыктардын ишмердиги
20-февраль 2024, 11:53
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспектору тарабынан, 2024-жылдын 15- февралында Сокулук районунун Жал айылындагы Разное дарегиндеги Верхний Орок участкасында жайгашкан "Орок кирпич заводу" ЖЧКсына контролдук текшерүү жүргүзүлгөн. Контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө мурда берилген укук бузууларды четтеттүү боюнча "ОКЗ" ЖЧКсынын жетекчилиги пландан тышкары текшерүүнүн жүрүшүндө табылган укук бузуулар (6 пункттан турган) четтетилбегендиги аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык, укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлдү жана укук бузуу иши боюнча 13000 сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды. ЧГТО (чан-газ тазалоочу орнотмолор) орнотулганга чейин жана мурда белгиленген укук бузууларды четтетүүгө чейин "Орок кирпич заводу" ЖЧКнын ишмердиги убактылуу токтотулган.