Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2023-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө» бекитилген планынын алкагында Ош шаарындагы Асфальт чыгаруучу заводтор жана коомдук мончолордо түшүндүрүү иштерин  жүргүзүштү.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө, завод жана мончолордун ээлерине, дөнгөлөк жана тигүү цехтеринен чыкккан материалдарды, синтетикалык калдыктарды жана тыюу салынган заттарды күйүп кетишине жол бербѳѳ жѳнүндѳ ооз эки эскертүүлөр берилди.