Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Баткен өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

КРнын Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министирлигинин Баткен регионалдык башкармалыгынын башчысы Азатбек Маматалиевдин 2023-жылдын 6-сентьябрындагы №02-04/90  буйругунун негизинде Кыргыз Республикасынын “Айлана чөйрөнү коргоо”,”Жаныбарлар дүйнөсүн коргоо”,”Балык чарбасы”жана Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана  пайдалануу”. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндөгү”мыйзамдарынын талаптарына ылайык,жапайы жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылуучуларга каршы иш-чара жүргүзүүгө Баткен облусунун аймагында (браконьердикке)бөгөт коюу максатында атайын рейд иш чарасын баштады.

Учурда башкармалыктын ,аңчы адистери  жер жерлерде жаратылышка айлана чөйрөгө терс таасирин тийгизбөөгө,ошону менен катар тазалыкты сактоону,мыйзам эрежелерин бузбоо боюнча облус жарандарына бир катар  түшүндүрүү иш аракетин жүргүзүшүүдө.