2025-жылдын 15–19-сентябрында Вена шаарында өткөн Эл аралык атом энергиясы агенттигинин (МАГАТЭ) 69- Генералдык конференциясына Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М.Машиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы катышты.

Чүй өрөөнү

Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин караштуу айлана-чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу департаментинин директору кирди.

Министр М.Машиев конференциянын пленардык жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстан МАГАТЭнин өзөктүк коопсуздукту камсыздоо максаттарына жана принциптерине бекем берилгендигин белгилеп, өзөктүк энергияны тынчтык максатында пайдаланууда, өзөктүк жана радиациялык коопсуздукту камсыз кылууда, ошондой эле ядролук куралдарды жайылтпоо жаатындагы эл аралык кызматташтыктын маанилүүлүгүн белгиледи.

Кыргыз Республикасы Экологиялык жана радиациялык коопсуздук боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгы менен тааныштырды. Тактап айтканда, ЕБРРдин башкаруусундагы Борбор Азия үчүн экологиялык реабилитациялоо эсебинин колдоосу менен Миң-Куш жана Шекафтар айылдарындагы уран мурастарынын объектилерин рекультивациялоо боюнча долбоорлор аяктаган. Артыкчылыктуу объекттердин бири болгон Майлуу-Суу шаарында боло турган рекультивациялоо иш-чараларына өзгөчө көңүл бурулду.

Конференциянын алкагында МАГАТЭнин Башкы директору Мариано Гросси мырзага Кыргыз Республикасынын эки маанилүү эл аралык конвенцияга кошулгандыгы тууралуу документтер тапшырылды:

 •        Өзөктүк авария жөнүндө оперативдүү маалымдоо конвенциясы;

 •        Өзөктүк же радиациялык кырсыктар болгон учурда жардам көрсөтүү конвенциясы.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңеш МАГАТЭ менен Кыргыз Республикасынын ортосунда өзөктүк куралды жайылтууга каршы келишимге байланыштуу кол коюлган кепилдиктер жөнүндө макулдашуу боюнча жаңыртылган “Аз сандагы өзөктүк материалдар” боюнча протоколду колдоп берди. Бул документ глобалдык өзөктүк коопсуздук системасынын укуктук базасын чыңдоодо маанилүү кадам болуп саналат.

Ошондой эле Кыргыз Республикасы менен МАГАТЭ ортосунда жаңы келишим — 2026–2031-жылдарга карата өлкөлүк алкактык техникалык кызматташтык программасына кол коюлду. Бул документ кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныктайт: медицина, айыл чарба, кадрларды даярдоо жана экологиялык коопсуздук.

Конференция учурунда Кыргыз Республикасынын делегациясы бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Алардын ичинде МАГАТЭнин өзөктүк коопсуздук жана кепилдиктер департаменттеринин өкүлдөрү, Интерпол, ОПЕК фонду, ЮНИДОнун алдындагы Тоо-кен тармагы жана стратегиялык минералдар боюнча Глобалдык альянс бар.

Кыргыз Республикасы туруктуу өнүгүүнүн максаттары менен ыкмаларына берилгендигин жана эл аралык өнөктөштөр менен кызматташтыкты, анын ичинде өзөктүк энергияны тынчтык максатында жана коопсуз колдонуу жаатында мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастаган.