Кыргызстан делегациясы Белемде өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясына (COP30) катышууда.

Чүй өрөөнү
Кыргызстан делегациясы Белемде өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясына (COP30) катышууда.

Кыргызстан делегациясы Белемде өтүп жаткан БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясына (COP30) катышууда.

2025-жылдын 10-ноябрында Бириккен улуттар уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча 30-конференциясы (COP30) Бразилиянын Белем шаарында башталды, ага 190 өлкөдөн болжол менен 50 000 делегат катышууда. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Ж. Байсалов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгын ишке ашыруу боюнча атайын өкүлү Д.А. Кемелова, COP30 расмий ачылыш аземине катышты.

Кыргыз делегациясы климат боюнча сүйлөшүүлөрдө тоо тургундарынын кызыкчылыктарын жигердүү илгерилетүүнү жана климаттын өзгөрүшүнө тоо экосистемаларынын өзгөчө аялуулугуна дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууну пландаштырууда.

Кыргызстандын делегациясы менен COP-30 Төрагасынын жана катышуучуларынын активдүү консультацияларынын жыйынтыгында Бразилиянын Төрагалыгынын колдоосу астында COP-30 алкагында тоо күн тартиби боюнча көп тараптуу консультацияларды өткөрүү жөнүндө макулдашууга жетишилди, мында тоолуу коомчулуктардын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана туруктуулугун жогорулатуу боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча мамлекеттердин жана кызыкдар катышуучулардын пикири угулмакчы.

Конференциянын алкагында кыргыз делегациясы БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциянын секретариатынын Аткаруучу директору Саймон Стил мырза менен жолугушту, анда тоолуу аймактардын климаттык каржылоого жеткиликтүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Кыргыз делегациясы ошондой эле Бишкекте Глобалдык Тоолордун туруктуулук борборун түзүү боюнча сунуштарды берди. Жакынкы күндөрү кыргыз делегациясы бул конференциянын алкагында тоо күн тартибин алдыга жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөргө катышууну улантат.