Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин делегациясы министрдин орун басары — Кыргыз геология кызматынын директору Амантур Турсуниязовдун жетекчилиги алдында Бельгия Королдугунун Брюссель шаарында өтүп жаткан Кен казып алуу тармактарындагы ачык-айкындуулук демилгесинин глобалдык конференциясына катышууда.
06-октябрь 2026, 15:10
Конференциянын алкагында Амантур Турсуниязов Кен казып алуу тармактарындагы ачык-айкындуулук демилгесинин аткаруучу директору Марк Робинсон менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун учурдагы динамикасын, мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын уюм алкагындагы алдыдагы валидация процессине байланыштуу уюштуруучулук маселелерди талкуулашты.
Кен казып алуу тармактарындагы ачык-айкындуулук демилгеси 2026-жылдагы глобалдык конференциясына мамлекеттик органдардын, компаниялардын, жарандык коомдун жана өнүктүрүү боюнча өнөктөш уюмдардын 1000ден ашуун өкүлү катышууда.
Конференциянын негизги темасы — «Жалпы бакубатчылык үчүн ачык-айкындуулук». Иш-чаранын алкагында катышуучулар жаратылыш ресурстарын ачык жана отчеттуу башкаруу, мамлекет, бизнес жана коомдун ортосундагы ишенимди бекемдөө, жоопкерчиликтүү инвестицияларды тартуу, ошондой эле кен казып алуу тармагында кабыл алынган чечимдердин сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулашууда.