Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын имаратында КМШга мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясына кыргыз делегациясынын катышуусуна даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү

Чүй өрөөнү

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Кыргыз геологиялык кызматынын имаратында КМШга мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясына кыргыз делегациясынын катышуусуна даярдык көрүү маселелери боюнча жумушчу кеңешме болуп өттү.

Жыйын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары — Кыргыз геологиялык кызматынын директору Амантур Турсуниязовдун төрагалыгы алдында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар кыргыз делегациясынын алдыдагы сессияга даярдыгынын негизги маселелерин карап чыгып, иш-чарага катышуунун маанилүү аспектилерин жана уюштуруу маселелерин талкуулашты.

КМШга мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясы 2026-жылдын 24–25-сентябрында Минск шаарында өтөт.

Өкмөттөр аралык кеңеш КМШга мүчө мамлекеттердин геологиялык изилдөө, жер казынасын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо маселелери боюнча өз ара кызматташуусун камсыз кылган, тажрыйба алмашуу жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Алдыдагы сессиянын алкагында тоо-кен жана геология тармактарын өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин кароо, практикалык тажрыйба алмашуу жана мамлекеттер аралык кызматташуунун мындан аркы багыттарын талкуулоо пландалууда.