Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин делегациясы Беларусиянын борбору Минск шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңешинин XXIX сессиясына катышууда.
25-сентябрь 2026, 11:06
Аталган аянтча КМШ мейкиндигинде геологиялык маалыматтарды алмашуу, мындан аркы кызматташтыкты пландаштыруу жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу боюнча мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнүн маанилүү механизмдеринин бири болуп саналат.
КМШнын жер казынасын чалгындоо, пайдалануу жана коргоо боюнча Өкмөттөр аралык кеңеши — Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин тармактык кызматташтык органы болуп, геология, жер казынасын пайдалануу жана жер казынасын экологиялык жактан коргоо жаатында мүчө мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн координациялайт.
Мамлекеттер аралык маанидеги иш-чарага Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин делегациялары катышууда.