Экологиялык мониторинг департаменти Бишкектеги абанын жана топурактын сапатын текшерди

Чүй өрөөнү
Экологиялык мониторинг департаменти Бишкектеги абанын жана топурактын сапатын текшерди

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти 2025-жылдын 6-октябрында Бишкек шаарындагы таштанды полигонунун (мусор полигону) айланасында жайгашкан конуштардан абанын жана топурактын сапатына байланыштуу кезектеги экологиялык мониторинг жүргүздү.


Мониторинг алкагында жалпы 6 жерден үлгү алынган. Бул иштер квартал сайын (үч айда бир жолу) жүргүзүлүп, атмосфералык абанын жана топурактын сапаты лабораториялык шартта анализден өткөрүлөт.


Илимий негизде жүргүзүлгөн текшерүүдө төмөнкү параметрлерге көңүл бурулду:

    •    Абанын курамындагы зыяндуу заттардын деңгээли;

    •    Топурактын булгануу даражасы;

    •    Санитардык-экологиялык коопсуздуктун абалы.


Текшерүүнүн жыйынтыктары лабораториялык иштетүүдөн кийин коомчулукка жарыяланат. Экологиялык мониторинг департаменти өлкө аймагында экологиялык коопсуздукту камсыздоо жана жаратылыш ресурстарын коргоо максатында мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүп келет.