Экологиялык мониторинг департаменти атмосфералык абаны жакшыртууга чоң салым кошууда
30-июль 2024, 09:35
2024-жылдын 29--июлунда министрдин милдетин аткаруучу А.Сапаралиев экологиялык мониторинг департаментинде болду. Департаменттин иши менен жана кызматкерлер менен жеринде таанышты. Жалпы ишмердик жана мекеменин келечектеги жана өнүгүү пландарын талкуулады.
А.Сапаралиев Экологиялык мониторинг департаменттин атмосфералык абаны тазалоого, көмүрдүн, топурактын, суунун сапатын аныктоого кошкон салымын маанилүүлүгүн белгиледи. Буга чейин департамент Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жер үстүндөгү жана саркынды суулардын жана жер ресурстарынын сапатын аныктоочу жаңы жабдууларды сатып алган.
Министрлик кызматкерлердин материалдык-техникалык камсыз болуусуна өзгөчө көңүл бурарын баса белгилеп, Экологиялык мониторинг департаментинин жаңы имаратын куруу пландары менен бөлүштү. Кызматкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү - өз ишин ынтызарлык жана сапаттуу аткарууга өбөлгө түзөт деди министр.
Жалпысынан 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгында 841 үлгү алынып, 6 746 изилдөө жүргүзүлдү.
Анын ичинен:
-Атмосфералык аба 224 үлгү 892 изилдөө;
- Өнөр жай чыгаруулары 74 үлгү 178 изилдөө;
- Жер үстүндөгү жана саркынды суулар 360 үлгү 4588 изилдөө;
- Топурак 120 проба 1012 изилдөө;
- Көмүр 63 үлгү 76 изилдөө.