Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти АКШнын Энергетика министрлигинин Радиологиялык коопсуздук башкармалыгы (ORNL) менен биргеликте 2025-жылдын 23-25-сентябрында «Радиоактивдүү материалдарды ташуудагы коопсуздук операторлору үчүн» (RAM 200) программасы боюнча окутуу иш-чарасын өткөрдү.
25-сентябрь 2025, 18:01

Окууга Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин караштуу «Республикалык адистештирилген комбинат» мамлекеттик мекемесинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын, Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук онкология жана гематология борборунун өкүлдөрү, ошондой эле иондоштуруучу нурлануу булактарын колдонгон уюмдар катышты.
RAM 200 программасынын максаттары:
Радиоактивдүү материалдарды ташуу учурундагы аялуулугу жана алардын коопсуздугун камсыздоо зарылчылыгы жөнүндө маалымдуулукту жогорулатуу.
Ташуунун коопсуздугу боюнча жеткиликтүү колдонмолор менен тааныштыруу.
Мамлекеттик органдар, өнөр жай ишканалары, ташуучулар жана тез арада чара көрүү кызматтарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү.
Операторлор, жөнөтүүчүлөр, кабыл алуучулар, ташуучулар жана чара көрүү кызматтары үчүн радиоактивдүү материалдарды ташуу боюнча практикалык сценарийлерди берүү.
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу «Республикалык адистештирилген комбинат» мамлекеттик мекемесинде транспорттук коопсуздукту көзөмөлдөө жана отчеттуулук системасы (T-STAR) орнотулду. Бул система радиоактивдүү материалдарды ташууну көзөмөлдөө жана реалдуу убакыт режиминде алардын коопсуздугун жана байкоосун камсыз кылуу үчүн иштелип чыккан. Иш-чара Кыргыз Республикасында радиоактивдүү материалдарды ташуудагы коопсуздукту бекемдөө жана бул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты күчөтүү боюнча маанилүү кадам болду.