Министрликтин алдындагы мекемелердин ишмердиги

Чүй өрөөнү
Министрликтин алдындагы мекемелердин ишмердиги

7-8-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндөгү мамлекеттик жөнгө салуу департаменти массалык иш-чаралар учурунда суу, тамак-аш жана химиялык коопсуздукту камсыздоо боюнча улуттук тренинг болуп ɵттү. Тренинг химиялык, суу жана тамак-аш коопсуздугу боюнча өткөрүлдү.

Тренингде PRECA долбоорунун тобунун жетекчиси Эндрю Прайдлав,   Дүйнɵлүк саламаттыкты сактоо уюмунун доктору Ливиу Ведраско жана департаменттин директору Г.Бектурова куттуктоо сөз сүйлɵштү.

Окуу эки күнгө созулуп, экинчи күнү “Коомдук саламаттыкты сактоодо командалык, башкаруу жана байланыш” темасында тренинг өткөрүлдү.

Байкоочулар CBRN жана ISTC эл аралык эксперттери болушту: Марк Шелтер, Джон Хели, Ракель Дуарте Дэвидсон, Джеки Гибни жана Дана Мубаракова.

Бул тренинг Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун адистери үчүн, массалык иш-чараларды өткөрүүдө коопсуздукту камсыздоо жана ар кандай каалабаган окуяларга ыкчам чара көрүү боюнча даярдыктын деңгээлин жогорулатуу жана көндүмдөрдү жана билимдер системасын өркүндөтүү максатында өткөрүлдү.

Иш-чаранын бардык катышуучуларына катышууну тастыктаган  сертификаттар тапшырыды.