Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
09-февраль 2024, 18:07
Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору экологиялык кырдаалды жакшыртуу жана кара түтүн менен күрөшүү боюнча чечимдерди кечиктирилгис чараларды ыкчам кабыл алуу максатында, Чүй облусунда жайгашкан мончолорго рейддик иш-чаралары жүргүзүлдұ. Иш-чаралардын жыйынтыгында 6 - мончого эскертме кагаздары берилди, резина, пластмасса, тигүү өндүрүштөгү калдыктарды жана башка тыюу салынган буюмдарды өрттөөгө, калдыктарды жагууга жол бербөөнү, атмосферага оор химиялык заттардан бөлүнүп чыгышына жол бербөө боюнча төмөнкү 6 мончого эскертме кагаздары берилди: - Чуй районунун Токмок шаарындагы Гравийный 11 дарегинде жайгашкан мончого;
- Ысык-Ата районунун Киргшелк айылындагы Мичурин 85/1а дарегинде жайгашкан мончого;
- Москва районунун Ак-Суу айылындагы Киев 13 дарегинде жайгашкан мончого;
- Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы Матросов 91 дарегинде жайгашкан мончого;
- Кемин районунун Кемин шаарындагы Бердибеков 85 дарегинде жайгашкан мончого;
- Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы Крупская 91 дарегинде жайгашкан мончого.
Бардык 6 - мончодо көмүр жагылаары тастыкталды. Өрттөөгө тыюу салынган булактар табылган жок.