Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
06-декабрь 2023, 09:32

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча аймактык башкармалыгы Боз-Бөлтөк тоосунун аймагында Башкарасуу айылынын тургундары жайгашкан кирпич заводдорунан түтүн чыгып жаткандыгы тууралуу видеоматериалынын негизинде Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан «Илина Групп» ЖЧКсы жана «Байтик Курулуш» ЖЧК ишканаларынан КР Экономика жана соода министрлиги менен макулдашылган пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүлдү.
Анын жыйынтыгы менен текшерүүлөр жүрүп , мыйзам бузуулар боюнча протоколдор түзүлүп, Кыргыз Республикасынын "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 230-беренесине ылайык административдик айыптар салынды, ар бир ишканага 280 эсептик көрсөткүч (28 000 сом), 56 000 сом өлчөмүндө.
Учурда бул мыйзам бузуулар жоюлганга чейин кирпич заводдорунун иши убактылуу токтотулду.