Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык  башкармалыктардын  ишмердиги

2024-жылдын 25-майынан 28-майына чейин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Чүй облусунун  Москва, Сокулук, Ысык-Ата, Кемин жана Чүй райондорунда мыйзамсыз балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча  рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан укук бузуу боюнча 8 протокол түзүлдү. Бул эреже бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266- беренесине ылайык 1000 сомдон  айып салуу менен 8 токтому чыгарылды. Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.