Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги.

 Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын   инспекторлору  абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү боюнча иш чараларды  Чүй облусунун Чүй районунун  жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы менен биргеликте кезектеги рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын “Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү” буйругунун негизинде жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө 12 оор жүк ташуучу, 3 микроавтобус жана 2 женил унаалар текшерилип, текшерүүнүн жүрүшүндө, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 1учур болуп,  укук бузуу жөнүндө 1 протокол түзүлдү жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды(7500сом).

Ошондой эле инспекторлор жол коопсуздугун камсыз кылуу кызматы менен биргеликте кезектеги рейдди Экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө кызматынын “Абанын экологиялык абалын жакшыртуу жана ыш менен күрөшүү” буйругунун негизинде жүргүзүштү. Рейддин жүрүшүндө 10 оор жүк ташуучу, 7 микроавтобус жана 3 женил унаалар текшерилип, текшерүүнүн жүрүшүндө, түтүндүн тыгыздыгын өлчөөчү прибор нормадан ашыкча көрсөткөн 1учур болуп,  укук бузуу жөнүндө 1 протокол түзүлдү жана 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды(7500сом).

Айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Башкармалык айдоочуларды абанын абалын жакшыртуу жана санкцияларды болтурбоо үчүн чыккан газдагы зыяндуу заттар нормадан  ашкан транспорт каражаттарын айдабоого чакырат жана эгерде транспорт каражаттарынан чыккан түтүндүн  абага зыяндуу заттары нормадан ашкан болсо, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндөгү   кодексинин 234-беренесине ылайык   жеке жактарга 7500сом, ал эми юридикалык жактарга 23000сом айып салынаарын  белгилейт.