Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2024-жылдын 28-майынан 30-майына чейин Ново-Николаевка айыл тургунунун арызынын негизинде Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарынын чыгыш өнөр жай зонасында жайгашкан Джунда Чайна Петроль ЖЧК сына жаратылышты коргоо ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү учурунда мунай кайра иштетүү заводу 2024-жылдын 25-майынан баштап сыноо режимине токтотулган, анткени атмосфералык вакуумдук агрегаттагы жылуулук алмаштыргычтарды алмаштыруу, изомерлөө жана крекинг катализаторун орнотуу жана оӊдоо орнотмолорундагы жабуу клапандарын алмаштыруу талап кылынат. Текшерүүнүн жүрүшүндө мунайзаттарды кабыл алуу үчүн кампада турган огрегаттын буу казанынан булгоочу заттардын стационардык булгануу булактарынан жапырт чыгарылгандыгынын фактылары аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча КР укук бузуулар жөнүндө кодексинин 230-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протокол түзүлдү жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча 28000 сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюча көрсөтмө берилген.