Экологиялык техникалык кɵзɵмɵл кызматынын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Экологиялык техникалык кɵзɵмɵл кызматынын ишмердиги

Жаратылыш ресурстары министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын инспекторлору 2024-жылдын 21-майында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана Ак-Талаа РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагынын Сары-Ой жана Кара-Бүргөн айыл аймагынын Бошка участкаларына мыйзамсыз эндик чөбүнүн тамырын казып жаткан фактыларга бөгөт коюу максатында рейд өткөрүлдү. 

Рейддин жүрүшүндө жергиликтүү тургундар тарабынан мыйзамсыз эндик казуу боюнча 4 факты аныкталып,  КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 264-беренесинин негизинде 5500 сом айыптар салынып, казылып алынган эндик чөптүн тамырлары алынды. 

Ошондой эле, атмосфералык абаны коргоо боюнча  Ат-Башы районунун Ак-Моюн айыл аймагынын Чаар участкасында автоунаалардын дөңгөлөктөрүн жаккандыгы жеринен аныкталып,  Ак-Моюн Тазалык Муниципалдык ишканасына КРнын Укук бузуу жөнүндө Кодексинин 230-беренеси менен юридикалык жак катары протокол толтурулуп 28000 мин сом айып пул салынды.