Экологиялык коопсуздукту сактоо жана контролдоо максатында Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын ишмердиги

Жалал-Абад өрөөнү
Экологиялык коопсуздукту сактоо жана контролдоо максатында Жалал-Абад  регионалдык башкармалыгынын ишмердиги

Экотехкызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин протоколдук тапшырмасынын негизинде, мыйзам чегинде текшерүү үчүн жолдомо алынып, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кѳзѳмѳл министрлигинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы, Масы айылдык кенешинин депутаты жана жергиликтүү активистердин катышуусунда, Ноокен районунуна караштуу Масы айыл өкмөтүнүн Сай-Маала айылында жайгашкан «Дорсервис» ААКнун Ноокен филиалынын ишмердүүлүгү пландан тышкары текшерүү жүргүзүлүп, төмөндѳгү мыйзам бузуулар аныкталды.

    

Заводко орнотулган зыяндуу заттарды кармап калуучу жабдуулар (ПГУ) колдо жасалгандыгы жана жабдуунун эч кандай тийиштүү документтери жок экендиги;

Түтүн чыгуучу трубанын учуна ничке труба уланып, экологиялык коопсуздук талаптарына  жооп бербегендиги;

Заводдун жанындагы сайдан кум-шагыл аралашмасын эч кандай уруксатсыз  өндүрүштүк максатта иштеткендиги такталды.

Аталган асфальт заводдун ѳкүлү текшерүүгѳ катышып, экология багытындагы тийиштүү уруксат иш кагаздарын көрсөтө алган жок.  

Жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын “укук бузуу жѳнүндѳгү” кодексинин 230-беренесинин негизинде 28000 сом айып салынып,  тийиштүү эскертүүлѳр аткаруу үчүн берилди жана заводдун ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду.

Ошол эле күнү, түзүлгѳн комиссия тарабынан, аталган заводдун иштешине нааразы болгон  жергиликтүү эл менен чогулуш ѳткѳрүлүп, алардын ой-пикирин угушту. Жергиликтүү тургундар,  аталган завод иштегенде айылды түтүн каптап, адамдарга зыяны тийип жаткандыгын, оор жүк ташуучу автоунаалар жүргѳндѳ жолдор, кѳпүрѳѳлѳр жараксыз абалга дуушар болуп жаткандыгын жана башка кѳйгѳйлѳрдү айтышып, заводду башка жакка жылдырууну талап кылышты. 

Асфальт заводдун жетекчисинин орун басары М.Досалиев, заводду 2024-жылдын май айына чейин, башка жерге жылдыруу пландалып жатканын билдирди.