Министрликтин алдындагы мекемелердин ишмердиги
22-август 2023, 11:47
КР Жаратылыш ресурстар министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан тазалоочу курулмаларды талаптагыдай эмес иштеткендиги үчүн «Взморье Сити» жоопкерчилиги чектелген коомуна 17 миң сом административдик айып салынып, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын адистери тарабынан айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин аныктоо боюнча үлгүлөр алынды.
Ошондой эле, Кызмат тарабынан 2023-жылдын 8-августундагы No01/1567-кат аталган экологиялык укуктук актылардын талаптары аткарылганга чейин ишин токтотуу жөнүндө кат жөнөтүлгөн.
Текшерүү Seaside City жана Moon Way Travel тазалоочу жайлардын туура эмес иштеши боюнча тазалоочу жайдан чыккан суулар токойго агып кетип жаткандыгы тууралуу маалыматтын таркатылышына байланыштуу жүргүзүлгөн. Бул иш КР Экономика жана коммерция министрлиги менен макулдашуу боюнча жүргүзүлдү.