Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан  Чүй облусунун Чүй районунун Ибраимов  айыл өкмөтүнүн ишмердүүлүгүнө контролдук текшерүү жүргүзүлдү. Контролдук текшерүүнүн жүрүшүндө эреже бузууларды четтетүү жөнүндө мурда берилген жаза буйруктун аткарылбагандыгы аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 434-беренесине ылайык, укук бузуулар  жөнүндө протоколу түзүлдү жана укук бузуу  иши боюнча   13000 сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылды.