Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Ысык-Көлдү сактоо жарлыктарын ишке ашырууда  Жаратылыш ресурстары, министрлигинин Ысык-Кол регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Түп районунун Түп  булуңундагы рейдттик иш-чаралардын негизинде, 72 даана балык улоочу торлорду чыгарып, кɵлдү тазалашты. 

Ошондой эле рейдттик иш-чаранын алкагында куштарды мыйзамсыз кармаган жарандар инспекторлордон качып кутулушкан жана бул ишти аягына жеткирүү боюнча азыр чаралар пландалып бир аз убакаттан кийин кайра аталган участокто рейд ɵткɵрүлɵт.  

Мындан тышкары, биосфералык зонаны  сактоо   максатында,     жарандардын айлана-чөйрөгө (жаратылышка) терс таасирин чектөө жана анын бузулушуна жол бербөө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көлдөрүндө браконьерлерге каршы күрөшүү, ышкыбоздук жана спорттук балык улоону уюштуруунун жана өткөрүүнүн эрежелерин сактоо жөнүндө ышкыбоз балыкчылар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү   максатында көл үстүндө жана кургакта дагы атайы рейдттиик иш-чара өткөрүлдү.