Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан «Мээрим булагы» жеке балдар үйү коомдук бирикмесинин  ишмердүүлүгүнө пландан тышкары текшерүү жүргүзүлдү.Текшерүүнүн жүрүшүндө суулурды булгануудан жана акыр-чикирден коргоо боюнча талаптарды бузуу фактылары аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236-беренесине ылайык укук бузуу жөнүндө протоколу түзүлдү жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча  28000 сом өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө токтом чыгарылган жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмө берилди.