Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
15-сентябрь 2023, 10:13

2023-жылдын 1-мартынан азыркы убакка чейин Министрлик тарабынан смог менен күрөшүү боюнча мөөнөтүнөн мурда чараларды көрүү максатында биргелешкен иш-чаралардын планынын негизинде үзгүлтүксүз (жумасына 2 жолу) рейддер жүргүзүлүп турат, Бишкек шаардык милициянын патрулдук кызматтык башкы башкармалыгы менен 400 автоунаа текшерилди, КР кодексинин 234-беренесине ылайык, 4 протокол түзүлдү, 30 000 сом айып салынды, ошондой эле 182-берене боюнча (транспортту пайдалануу эрежелерин бузуу) 200 протокол түзүлүп, 950 000 сом суммасында айып салынган. Мындан ары мындай рейддерди күн сайын өткөрүү пландалууда.
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министрлигинин Бишкек шаары жана Аламүдүн району боюнча региондук башкармалыгынын инспекторлору Төмөнкү-Аларча айыл өкмөтүнүн, Маевка айыл өкмөтүнүн, Пригородный айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен бирге атайын техниканын жардамы менен агынды суулар коллектордук-дренаждык тармактарга агып жаткан жеке үйлөрдүн мыйзамсыз дренаждык түтүктөрү аныкталып, демонтаждалды.
Ушунун негизинде 15 протокол түзүлүп 82 500 сом айып пул салынды.
Түтүктөрдү демонтаждоо учурунда жок болгон үйлөрдүн ээлерин айып пул салуу үчүн аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
Мыйзамсыз дренаждык булактарды аныктоо жана демонтаждоо боюнча иш-чаралар мындан ары да улантылат.