Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Кыргыз Республикасынын  жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин, 2024-жылдын 06-мартындагы №02-384/Сл сандуу тапшырмасын аткаруу жана Чүй облусунун аймагындагы атмосфералык абаны коргоо, абанын сапатын жакшыртуу жана ыш маселесин алдын алуу максатында 2024-жылдын 26-июнунда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын алдында түзүлгөн мекемелер аралык комиссиянын экинчи отуруму өттү. Отурумда бекитилген атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу боюнча мекемелер аралык түзүлгөн коммиссиянын иш-чаралар планы талкууланып, Чүй облусунун аймагындагы абанын булганышынын негизги себептерин аныктоо, абанын сапатын жакшыртуу жана ыш маселесин алдын алуу боюнча иш-чаралары каралды.