Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан Кант шаарынын мээриясынын  ишмердүүлүгүнө пландуу  текшерүү жүргүзүлдү.Текшерүүнүн жүрүшүндө суулурды булгануудан жана акыр-чикирден коргоо боюнча талаптарды бузуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерлерди пайдалануу эрежелерин бузуу фактылары аныкталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 236 жана 239-беренелерине ылайык укук бузуу жөнүндө 2 протоколу түзүлдү жана укук бузуу жөнүндө иш боюнча  28000 сом жана 13000 сом  өлчөмүндө жаза чарасын колдонуу жөнүндө 2 токтом чыгарылган жана аныкталган укук бузууларды четтетүү боюнча көрсөтмө берилди.