Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги
17-сентябрь 2024, 12:00
2024-жылдын 09-сентябрынан 15- сентябрына чейин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Чүй облусунун Москва, Жайыл, Сокулук, Ысык-Ата жана Чүй райондорунда мыйзамсыз балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан укук бузуу боюнча 6 протокол түзүлдү. Бул эреже бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266- беренесине ылайык 1000 сомдон айып салуу менен 6 токтому чыгарылды. Чүй районунун Кегети капчыгайында мыйзамсыз аӊчылык кылуу фактысы аныкталды.ЭТКК ЧРБ инспектору тарабынан укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлүп, 12500 сом суммасындагы укук бузуулар жөнүндө иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кодексинин 263-беренесине ылайык жаза берүү жөнүндө токтом чыгарылды. Чүй районунда жапайы өсүмдүктөрдүн сырьесун сатып алуу жана сатуу тартибин бузуу фактысы аныкталган (эндик) бул бузуу боюнча ЭТКК ЧРБ инспектору тарабынан укук бузуулар жөнүндө протокол түзүлгөн, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 264-беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө иш боюнча 5500 сом айып салуу жөнүндө токтом чыгарылган. Ысык-Ата районунун Красная речка айылында 108 даана бак-дарактарды уруксатсыз кыюу фактысы аныкталган, бул мыйзам бузуу боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнө 147373 сом зыян келтирилген. Материалдар Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБге өткөрүлүп берилди. Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.