Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

2024-жылдын 20-июлдан 21- июлуна  чейин  Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору, Чүй облусунун Панфилов жана Чүй  райондорунда мыйзамсыз балык уулоо, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин коргоо чөйрөсүндөгү укук бузуу фактыларын аныктоо жана болтурбоо боюнча  рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан укук бузуу боюнча 2 протокол түзүлдү. Бул эреже бузуулар боюнча Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 266- беренесине ылайык 1000 сомдон  айып салуу менен 2 токтому чыгарылды. Ошондой эле инспекторлор тарабынан рейд учурунда жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн обьектилерин коргоо чөйрөсүндө мыйзам бузууларга жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.