Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

Чүй өрөөнү
Регионалдык башкармалыктын ишмердиги

2025-жылдын 15-мартында Чүй облусунун Ысык-Ата  районунда рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, Милянфан айылындагы мыйзамсыз жайгашкан таштандыларын өрттө фактысы аныкталып, Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору  Ак-Кудук айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Кудук” муниципалдык ишканасынын жетекчисине жана жеке жаранга  Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115 п3, беренесине ылайык укук бузуулар жөнүндө 2 протокол түзүлдү жана укук бузуулар жөнүндө иш боюнча  30500 сом өлчөмүндө  жаза колдонуу жөнүндө 2 токтом чыгарылды. Учурда таштанды таштоочу жайдын өрттөнүшү  Ак-Кудук муниципалдык ишканасынын  кызматкерлери тарабынан өчүрүлдү.