Регионалдык башкармалыктардын ишмердиги

Чүй өрөөнү

Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жана биоартүрдүүлүк бөлүмүнүн кызматкерлери браконьерлик жана аңчылык эрежелерин бузуу фактыларын аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган ыкчам-алдын алуу иш-чараларын өткөрүүдө.

      2023-жылдын 14-сентябрында, башкармалыктын  кызматкерлери мыйзамсыз түлкүгө мергенчилик кылган мергенчилерди кармады. Түлкүгө мыйзамсыз аңчылык Чуй облусунун Москва районунун Широкая участкасында жасалганы кабарланууда. КР Укук бузуулар кодексинин 261-берененин негизинде эки жаранга карата тийиштүү актылар жана протокол түзүлгөн. Аталган жарандарга карата  20000 с. өлчөмүндө акчалай айып түнкү убакта уруксат берүүчү документтери жок аңчылык кылгандыгы үчүн салыныпды. Ал эми түлкүнү аткан жаранга карата 6000 с. акчалай доо коюлган. Материалдар мыйзам бузуунун бирдиктүү реестрине катталды.

       Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Чүй регионалдык башкармалыгы аңчылыктын эрежелерине ылайык түлкүгө аңчылык үстүбүздөгү жылдын октябрь айынын биринчи ишембисинен кийинки жылдын январынын акыркы жекшембисине чейин уруксат берилерин белгилейт.